Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-июну № 2
Айыл ɵкмɵтүнүн подоход салыгы боюнча карызын жою маселеси жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 3-пунктунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ɵкмɵтүнүн 2013-жылдан бери келе жаткан подоход салыгы боюнча карызы пенясы менен кошулуп жылдан-жылга ɵсүп жаткандыгы кɵңүлгɵ алынсын,айыл ɵкмɵтү тарабынан подоход салыгы боюнча карызды жою маселесинде чечкиндүү иш-аракеттер кɵрүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.(Т.Туйбаев)
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(С.Алдраков)
Төрага | А. Беделов |