Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-июну № 3
2018-жылдын I жарым жылдыгында айыл ɵкмɵтүнүн аппаратынын кеңсесин ремонттоого каралып,шарт ɵзгɵргɵндүгүнɵ байланыштуу пайдаланылбай калган акча каражатын 2018-жылдын II жарым жылдыгында аткарылуусу зарыл болгон жумуштарга бɵлүштүрүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин XXI главасынын 109,115-беренелеринин негизинде,2018-жылдын II жарым жылдыгында аткарылуусу зарыл болгон жумуштарды каржылоо максатында Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын I жарым жылдыгында айыл ɵкмɵтүнүн аппаратынын кеңсесин ремонттоого каралып,шарт ɵзгɵргɵндүгүнɵ байланыштуу пайдаланылбай калган 1184,0
миң.сом акча каражаты 2018-жылдын II жарым жылдыгында аткарылуусу зарыл болгон
тɵмɵндɵгү жумуштарга бɵлүнүп берилсин;
а)айыл аймагынын тургундарына материалдык жардам кɵросɵтүү үчүн -60,0миң.сом.
б)»Нур» муниципалдык балдар бакчасына даярдоо классын ачуу үчүн -100,0миң.сом.
в)»Чолпон Жылдыз» балдар бакчасына даярдоо классын ачуу үчүн -15,0миң.сом.
г)Кызыл-Абад айылындагы кичи футбол аянтчасынын курулушу үчүн -200,0миң.сом.
д)Паркырабад ИСКАКБсынын башкы курулмасын оңдоп-түзɵɵ үчүн -50,0миң.сом.
е)айыл аймагынын тургундары Кожоев Кутманга жана Турдуева
Жазгүлгɵ материалдык жардам кɵрсɵтүү үчүн -80,0миң.сом.
ж)айыл аймагынын айылдарынын,айылдардын кɵчɵлɵрүнүн
аталыштарын жана кɵчɵлɵрдɵгү үйлɵргɵ катар номерлерди
даярдатуу үчүн -200,0миң.сом.
к)айылдардагы ФАПтарга кɵмүркана куруу үчүн -120,0миң.сом.
л)айыл аймагынын айылдарындагы бак-дарактарды зыяндуу курт-
кумурскалардан коргоо үчүн уу химикаттарды сатып алууга -40,0миң.сом.
м)Ош-Бишкек жана Кара-Суу-Отуз-Адыр автожолдорунун кесилишине
видеокɵзɵмɵлү менен кошо светофор орнотуу үчүн -314,0миң.сом
ф)айылдардагы ФАПтарга электр жылыткычтарын сатып алуу үчүн -5,0миң.сом
Жыйынтыгы; -1184,0миң.сом.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.(Т.Туйбаев)
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(С.Алдраков)
Төрага | А. Беделов |