Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-июну № 4
Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бɵлүктɵрүнɵ ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин XXI –главасынын 109,115-беренелеринин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бɵлүктɵрүнɵ
тɵмɵндɵгүдɵй ɵзгɵртүүлɵр киргизилсин;
А)Киреше бɵлүгүндɵ;
-лицензиялардан түшүүчү кирешелерге +451,3 миң.сом кошулсун
-ижара тɵлɵмдɵрүнɵн -159,4 миң.сом кемитилсин
-калктуу конуштардагы айыл чарбасына жараксыз
жерлерден түшүүчү кирешелерге +140,0 миң.сом кошулсун
Жыйынтыгы; 431,9 миң.сом.
Б)Чыгаша бɵлүгүндɵ;
-улуттук кийимдерди сатып алууга 10,9 миң.сом.
-пресс-подборщик сатып алуу үчүн АРИС уюмуна
ɵздүк салымга 205,0 миң.сом.
-курулмаларды учурдагы ремонттон ɵткɵрүүгɵ 191,0 миң.сом.
-аппарат кызматкерлерине 25,0 миң.сом.
Жыйынтыгы; 431,9 миң.сом.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.(Т.Туйбаев)
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(С.Алдраков)
Төрага | А. Беделов |