Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-июну № 7
Кыргызстан» кооперативинин кеңсеси жана башка имараттары ээлеп турган жер аянттары,мүлкү маселелери жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 5-пунктунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызстан» кооперативинин кеңсеси жана башка имараттары ээлеп турган жер аянттары,мүлкү маселелеринде кооператив мүчɵлɵрүнүн жалпы чогулушу ɵткɵрүлсүн.
2. Жалпы чогулуштун протоколдук чечими айыл ɵкмɵтүнɵ жана айылдык Кеңешке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин укук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Э.Атабаев)
Төрага | А. Беделов |