Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кенештин V чакырылышынын кезекcиз ХXXVII сессиясы
2016-жылдын 25-марты №16
Суу-Башы айыл окмотунун аймагындагы Айгул-Таш айылынан жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө
“Муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 19 статьясынын жана Жер кодексинин 13, 18- статьяларынын негизинде айыл өкмөтүнүн аймагына социалдык маданий обьектилерди куруп инфраструктураны жакшыртуу боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Маркаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезексиз ХXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын инвентаризациялоо материалында көрсөтүлгөн Айгул-Таш айылынын тундук тарабындагы асылдуулугу төмөн 0,45 га таштуу жайыт жер аянтын оорукана ачуу үчүн айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуш жана башка жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Маркаев |