Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралы № 15
Айыл өкмөтүнүн имаратынын астына атрибуттарды,Кыргыз Республикасынын желегин орнотуу жана астындагы авариялык абалдагы теректерди алып,көрктөндүрүү үчүн Өмүралиев айылдык кенешинин VII-чакырылышынын төртүнчү кенешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн имаратынын астына атрибут,желекти орнотуу жана астындагы авариялык абалдагы теректерди алып,көрктөндүрүү иш чараларын жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Эдиловко жүктөлсүн.
2. Жогорудагы маселелерди чечүүгө,айылдык Кенеш тарабынан бекитилген, жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн акча каражаты менен каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Кудабаев камсыз кылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | У. Алмолдоев |