Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралы № 16
Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылдын бюджетин кабыл алуу жөнүндө
Айылдык кеңешинин VII чакырылышынын IV кезексиз кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетин аткарылышын кабыл алынсын.
2. Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтү 2017-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 7 252 200 сомго жана чыгаша боюнча 7 252 200 сомго бекитилсин.
3. Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтү 2017-жылдагы бюджетинин киреше булагы №1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
4. Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтү 2017-жылдагы чыгаша бөлүгү боюнча №2 тиркемеге ылайык чыгаша булактардан турары белгиленип бекитилсин.
5. Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтү 2017-жылга бюджетинин накталай кассалык жүгүртүү акча каражаттарынын көлөмү №3 тиркеменин негизинде бекитилсин.
6. Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтү 2017-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү №4 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
7. 2017-жылга карата, Өмүралиев айыл өкмөтүнүн резервдик фонд түзүлүп бекитилсин. №5 тиркеме тиркелет.
8. Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтү 2017-жылга карата атайын каражат счеттун киреше болугу боюнча 546 000 мин сом өлчөмүндө, чыгаша болугу боюнча 546 000 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтү 2017-жылга карата, Өмүралиев айыл өкмөтүнүн аппартындагы иштеген кызыматкерлердин эмгек акысы КР Өкмөтүнүн №-403 2013 жылдын 08-июль айындагы токтомунун негизинде аныкталып, типтүү штаттык бирдиктин саны 15-штаттык бирдик, бир айлык эмгек акысы 129 205 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Өмүралиев айыл аймагынын, айыл өкмөтү 2017-жылга карата, .Өмүралиев айыл округунун маданият тармагында иштеген кызыматкерлердин эмгек акысы КР Өкмөтүнүн № 16 2011 жылдын 19-январындагы токтомунун негизинде 5- штаттык бирдик, бир айлык эмгек акысы 26 100 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
11. Өмүралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтому туура жана так аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү, айылдык кеңештин “айыл чарба, экомомикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет” боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
12. Өмүралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин чакырылышынын сессияда депутаттардын 2017-жылга бюджетин бекитүүгө каралган пикир келишпестиктер КР финансы министирлигинен суралсын.
13. Айыл өкмөтүнүн жана Мекеме уюмдарынын жыл ичинде бекилген беренелерин каржылоо чыгымдары эконом жана зарыл болгон учурда бир тармактан экинчи тармакка, беренеден беренеге жана чейректен чейреке жылдыруу жагы Айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
14. 2018-2019-2020 жылдарга бюджетинин көлөмүнүн 2018-жылга 7944,5 миң сом, 2019-жылга 8 381,3 миң сом, 2020-жылга 8 632,3 миң сом бекитилсин.
Төрага | У. Алмолдоев |