Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-апрели № 25
Өмүралиев айылдык аймагын таштанды - калдыктардан тазалап, ирээтке келтирүү максатында Өмүралиев айылдык аймагынын VII чакырылышынын бешинчи кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айылдык аймагынын Манас айылында жайгашкан Чырканактын сайына, Маңдай участкасына кетүүчу Ак көпүрөнүн жанына, Чат Базар айылынын К. Алапаев көчөсүнүн У. Садыров үйүнүн жанына, А.Оторбаев көчөсүндөгү Суттүү Булак сайына жана коомдук жерлерге таштанды - калдыктарды төгүп кармалган айыл тургунуна 2000 миң. сом айып салынсын.
2. Токтомдун аткарылышын уюштуруп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Эдиловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | У. Алмолдоев |