Редакцияот 25.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кенештин V чакырылышынын кезекcиз ХXXVIII сессиясы

2016-жылдын 25-марты №17

Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жер кодексине» жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Божой айылындагы эскилиги жеткен жогорку чыналуудагы электр мамыларын коопсуз жайга которуу максатында Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезекcиз ХXXVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Божой айылынын түндүк тарабындагы жол боюнан 30,0 га жер аянтынын ичинен 16 кв/м жер аянтын жана 960 п/м жер аянтын “ Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ өнөр жай,курулуш,транспорт,коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Ушул токотмдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай жана жерге жайгаштыруу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

К. Маркаев