Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-апрели № 26
Күн тартибиндеги ар кандай маселелер боюнча Талас райондук үй - бүлөлүк медицина борборунун директору М.Т. Мырзалиевдин 2017-жылдын 24-март № 34 кайрылуу каты менен таанышып чыгып, Өмүралиев айылдык кеңештин VII чакырылышынын бешинчи кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айылдык аймагындагы айыл тургундардын ден соолугун чыңдоого, дарылоого врачтардын жок болгондугуна байланыштуу, райондук ооруканадан бир жумасына төрт жолу үч сааттан келип иштеген дарыгерге, жергиликтуу бюджеттен жол кире катарында, бир айга 2000 сомдон акча каражаты бөлүнуп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Т. Эдиловго милдеттендирилсин.
3. Буйрукту көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | У. Алмолдоев |