Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-июну № 31
Өмүралиев айылдык аймагынын 2018-2020-жылдын бюджетин долбоорун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын алтынчы кезексиз кеңешмесинин Өмүралиев айыл аймагынын 2018-2020-жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча Өмүралиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдардагы бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү боюнча 2018-жылга 6375,3мин.сом, 2019-жылы 6688,3мин.сом,2020-ж 6960,4мин.сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Өмүралиев айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдардагы бюджетинин долбоорунун киреше булагы №1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
3. Өмүралиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдардагы бюджетинин долбоорунун чыгаша бөлүгү боюнча 208-ж6375,3 мин.сом,2019-ж 6688,3мин.сом, 2020-ж 6960,4мин.сом өлчөмүндө белгиленсин.
4. Кабыл алынган токтомдун туура жана так аткарылышын көзөмөлдүктү жүргүзүүсү айылдык аймактык кеңешинин айыл чарба экономикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Өмүралиев айылдык кеңешинин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Алмолдоев |