Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-июлу № 32
Өмүралиев айыл өкмөтүндө статист-экономистин чыгымдары КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзамына ылайык атайын республикалык бюджеттен каржыланып жаткандыгына байланыштуу,статист –экономисттин 2017-жылга чыгымдарын бекитип беруу максатында Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын жетинчи кезексиз кенешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айыл өмөтүнүн 2017-жылга статист-экономист үчун эмгек акы,социалдык фонддун төлөмдөр жана башка чыгымдары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
2111-117,495 с,Социалдык фонддун төлөмү 2121-17373с,командировкалык чыгым 2211-3600с,,уюлдук байланыш кызматы 2212-8800с,аркандай чыгымдар 2215-5200с.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К.Кудабаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кеңешинин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Алмолдоев |