Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-июлу № 35
Өмүралиев айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана айыл өкмөт башчысынын 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы аткарган иштерин угуп жана талкуулап, Өмүралиев Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын жетинчи кезексиз кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана айыл өкмөт башчысынын 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы аткарган иштери канааттандырылсын.
2. Күн тартибиндеги ар кандай маселелердин негизинде Өмүралиев айыл аймагындагы Аксай сервис муниципалдык ишканасынын бюджетине чогулган акча каражатына айдап себүү,оруп жыйноо учурунда керектелүүчү чым майдалагыч, прицеп,фасоль чыгаруучу шаймандары сатылып алынсын.
3. Аталган шаймандарды сатып алуу жана көзөмөлдөө жагы Аксай сервис муниципалдык иш канасынын жетекчиси Э.Байсаловко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | У. Алмолдоев |