Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-октябры № 39
Өмүралиев айыл аймагына Республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүдөн келип түшкөн 1млн сом акча каражатын маданият тармагына жумшоо максатында Өмүралиев айылдык кенешинин VII-чакырылышынын тогузунчу кезексиз кенешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айыл аймагына Республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүдөн келип түшкөн 1млн сом акча каражатын Манас айылындагы Ж. Огонбаев атындагы маданият үйүнүн сахнасын жазалгалоого, отургуч ,жылытуу системаларын сатып алууга, маданият тармагынын машиналык жабдууларынын 3112-беренесине бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К.Кудабаевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | У. Алмолдоев |