Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-ноябры № 41
Өмүралиев айыл аймагындагы жаштардын 2018-2020-жылга социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Өмүралиев айыл аймагындагы жаштардын 2018-2020-жылга чейинки стратегиялык өнүктүрүү иш планын талкуулап чыгып, Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын онунчу кезексиз кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. GIZ уюмунун “Жаштар келечеги” долбоорунун алкагында Өмүралиев айыл аймагынын жаштардын өнүгүү стратегиясындагы артыкчылыктуу маселелерди чечүүдө аймактык социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын берүү жагы айыл өкмөт башчысы Т.Эдиловко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | У. Алмолдоев |