Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-ноябры № 42
Өмүралиев айыл аймагы боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын кароо жөнүндө
Депутаттардын Өмүралиев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын онунчу кеңешмесинин мамлекеттик салык кызматынын Талас району боюнча башкармалыгы тарабынан жонөтүлгөн Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337 беренесинин 1 жана 6 бөлүктөрүндөгү айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгын базалык ставкаларын көбөйтүү үчүн сунушталган катын карап чыгып, Өмүралиев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын онунчу кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айыл окмоту боюнча Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337 беренесинин 1 бөлүгундө каралган Талас районуна тийиштүү болгон айыл чарба жерлерин пайдаланган үчүн жер салыгынын базалык ставкалары Өмүралиев айыл өкмөтүндө өзгөртүүсүз калсын.
Төрага | У. Алмолдоев |