Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-январы № 48
Молдоярова Дамира Батыркуловнаны “Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүндө эмгек сиңирген кызматкер ” наамына сунуштоо жөнүндө
Өмүралиев айылдык аймагынын айылдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жана жакыр үй-бүлөлөргө көрсөткөн салымдарын эске алуу менен Молдоярова Дамира Батыркуловнаны “Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүндө эмгек сиңирген кызматкер ” наамына сунуштоо максатында , Өмүралиев айылдык кенешинин VII-чакырылышынын он биринчи кезексиз кенешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айыл аймагында жайгашкан Манас,Чатбазар айылдарынын түнкү жарыктандыруусуна, бала-бакча ачууга, жана жакыр үйбүлөлөргө көрсөткөн салымдарын эске алуу менен Молдоярова Дамира Батыркуловнаны “Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүндө эмгек сиңирген кызматкер ” наамына сунуштайбыз.
2. Токтомду бекитип берүү жагы Талас райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | У. Алмолдоев |