Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-январы № 49
«К.Токтогулов атындагы Талас аймактык ооруканасынын 2018-жылдын 16-январындагы № 01-8/18 сандуу катын угуп жана талкуулап, Өмүралиев айылдык кенешинин VII-чакырылышынын он биринчи кезексиз кенешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «К Токтогулов атындагы Талас аймактык ооруканасынын жугуштуу ооруулар бөлумүнүн имараты курула турган аянттын күн батыш тарабында узундугу 29м,туурасы9,5 м муниципалдык менчиктеги жер аянты «К Токтогулов атындагы Талас аймактык ооруканасынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын берүү жагы айыл өкмөт башчысы Т.Эдиловко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | У. Алмолдоев |