Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 37
Шаардык кеӊештин депутаттарына шайлоочулардан берилген сын-сунуштардын аткарылышы жөнүндө
Шаардык кеӊештин депутаттарына шайлоочулардан берилген сын-сунуштардын аткарылышы боюнча депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, каада салт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясынын жана депутаттык фракциялардын жетекчилеринин сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” Мыйзамдарынын талаптарына ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык кеӊештин депутаттык фракцияларынын шайлоочулардын берген сунуштарынын аткарылышы боюнча маалыматтары кабыл алынсын.
2. Жыл ичинде аткарууга алынбай калган шайлоочулар тарабынан берилген сунуштар боюнча атайын иш-чаралар түзүлүп аткарууга алынсын
3. Шайлоочулар тарабынан берилген сунуштарды аткарууга шаардык мэрия тарабынан көмөк көрсөтүү жагы суралсын
4. Депутаттар тарабынан шайлоочулар алдында жылына бир жолудан кем эмес жолугушуулар өткөрүлүп аткарылган жумуштар боюнча отчеттордун берилиши камсыз кылынсын
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу депутаттык фракцияларга көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, каада салт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |