Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 38
Шаардык маданият бөлүмүндө жана жергиликтүү жамааттар арасында “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
Шаардык маданият бөлүмүндө жана жергиликтүү жамааттар арасында “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата жүргүзүлгөн иштери жөнүндө депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, каада салт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясынын жана маданият бөлүмүнүн башчысы У.Б.Сабурованын маалыматтарын угуп жана талкуулап “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык маданият бөлүмүнүндө “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата тийиштүү жумуштар аткарылгандыгы белгиленсин
2. Шаардык мэрияга жана маданият бөлүмүнө :
-жаштарыбызга өлкөбүздүн тарыхын ата-бабаларыбыздын көөнөргүс маданият жана мурастарын таанууга
-жаштарга заманбап билим берүү, маданият жана маалымат саясатын калыптандырууга;
-калкыбыздын жана жаштардын руханий, маданий жактан өнүгүшүнө, улуттук идеологиялык программаларды ишке ашырууга багытталган иш-чараларды түзүү жана аткарылышын камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери жана өзүн өзү башкаруу аймактарынын башчылары шаардык жана областтык масштабда уюштурулган маданий массалык иштерге активдүү катышууну жана жаштарды тарбиялоого көмөк көрсөтүүну камсыз кылуу жагы сунушталсын
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрия, маданият бөлүмүнө көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, каада салт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |