Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 39
Шаардык мэриянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясынын жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторунун иштери жөнүндө
Шаардык мэриянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясынын жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторунун иштери жөнүндө шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы №449 токтомунун талаптарына ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясынын жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторунун иштери боюнча маалыматтары кабыл алынсын.
2. Шаардык мэрия, билим берүү бөлүмү, үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмү, ички иштер бөлүмүнө:
-социалдык коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндө балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу
-Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн бош убактыларын өткөрүүнү туура пайдаланышына шарт түзүү жана ар кандай маданий иш-чараларды уюштуруу;
-Баланын укуктарынын бузулушуна жол бербөө боюнча иш жүргүзүү;
-Балдарга болгон зордук зомбулук жана суициддин алдын алуу боюнча иш жүргүзүү;
-Турмуштук оор кырдаалдарга кабылган балдардын эта-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын вице-мэри М.Сапаркуловага көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |