Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 40
Жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча Сүлүктү шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун аткарган иштери жөнүндө
Жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча Сүлүктү шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун аткарган иштери жөнүндө шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы М.Искановдун жана шаардык кенештин cоциалдык маселелер, билим беруу, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, ”Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөгү” Мыйзамдарынын талаптарына ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча Сүлүктү шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда тийиштүү иштер аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
2. Сүлүктү шаарынын вице-мэри М.Сапаркуловага жана шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы М.Искановго
- шаардын аймагында санитардык эпидемиологиялык кырдаалга контролдук жүргүзүү;
- шаардын аймагында санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чараларды иштеп чыгуу жана аткаруу;
- санитардык мыйзамдарды сактоодо жарандардын, жеке жана юридикалык жактардын экономикалык кызыкчылыктарын түзүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- тийиштүү аймакта социалдык-гигиеналык мониторингди өткөрүү;
- калкка гигиеналык тарбия берүү жана окутуу, сергек жашоону пропагандалоо боюнча чараларды ишке ашыруу;
- жугуштуу оорулар жана жугуштуу эмес массалык оорулар (уулануулар), жашоо чөйрөсүнүн абалы жана жүргүзүлүп жаткан санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралар жөнүндө калкка өз убагында кабарлоо боюнча иш чараларды түзүү жана ишке ашыруу жагы;
Шаардын аймагында курулуштарды жайгаштыруу, куруу, кайра конструкциялоо, курулуш үчүн жер участокторун берүүдө, санитардык эрежелерге ылайыктуулугуна көзөмөл кылуу жагы милдеттендирилсин;
3. Мекеме, уюм, ишканалардын, коомдук уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймактарынын башчыларынан:
-шаардын тазалыгын сактоо, жашоочулардын арасында жугуштуу оорулардын таркап кетпеши учун тарбиялык, гигиеналык иштерди күчөтүү багытында дайыма иш жүргүзүү ;
- санитардык мыйзамдардын, ошондой эле мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырган кызмат адамдарынын токтомдорунун, көрсөтмөлөрүнүн жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарын аткаруу;
- өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукцияларды, жекече жана тиричиликтик муктаждыктары үчүн тамак-аш азыктарын жана товарларды өндүрүүдө, ташууда, сактоодо, калкка сатууда алардын адамдын саламаттыгы үчүн коопсуздугун камсыз кылуу жагы суралсын
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаарынын вице-мэри М. Сапаркуловага, көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин социалдык маселелер, билим беруу, саламатыкты сактоо, жаштар, спорт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |