Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 42
Аскерге чакырылуучуларды кабарлоо жана алардын аскер комиссариатынын чакыруу комиссиясына өз убагында келүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарын Сүлүктү шаарынын мэриясына аткаруу үчүн өкүлдөө жөнүндө Лейлек райондук аскер комиссариатынын ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 2017-жылдын 18-октябрындагы №02-10/01-1129 чыгыш сандуу аскерге чакырылуучуларды кабарлоо жана алардын аскер комиссариатынын чакыруу комиссиясына өз убагында келүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарын Сүлүктү шаарынын мэриясына аткаруу үчүн өкүлдөө жөнүндө Лейлек райондук аскер комиссариатынын ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндөгу каты боюнча депутаттардын шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап 2009-жылдын 9-февралындагы №43 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 20-беренесинин 1, 2-пунктуна ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аскерге чакырылуучуларды кабарлоо жана алардын аскер комиссариатынын чакыруу комиссиясына өз убагында келүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарын Сүлүктү шаарынын мэриясына аткаруу үчүн өкүлдөө жөнүндө Лейлек райондук аскер комиссариатынын ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |