Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 44
Шаардык мэриянын алдындагы муниципиалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриянын алдындагы муниципиалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндөгү Сүлүктү шаардык мэриясынын 2017-жылдын 14-декабрындагы № 02-10/06-1344 чыгыш сандуу сунуш каты боюнча шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун 3 беренесинин 7-пунктунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 10-февралындагы №11 токтому жокко чыгарылсын.
2. Муниципиалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын курамы бекитилсин:
1. Ташев Б.Э. - шаардын I-вице мэри, комиссиянын төрагасы.
2. Айтемиров К.М. -шаардык кеӊештин депутаты
3.Калакулов С.К. -шаардык мэриянын алдындагы муниципиалдык менчик
бөлүмүнүн башчысы.
4. Осмонова И.Г. -шаардык мэриянын башкы адиси-юристи.
5. Салямов К. - жеке ишкер, коомдук өзүн өзү башкаруу аймагынын башчысы.
6. Бекботоев А. - Отбасаров коомдук өзүн-өзү башкаруу аймагынын башчысы
7. Мусульманова Р. - шаардык мэриянын алдындагы муниципиалдык менчик
бөлүмүнүн башкы адиси, комиссиянын катчысы
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын I-вице мэри Б. Ташевден талап кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |