Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 46
Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү” долбоорунун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 2017-жылдын 8-декабрындагы №02-10/02-1305 чыгыш сандуу 2018-жылга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республиасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаарынын 2018-жылга карата Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин түрткү берүүчү (стимулирующий) грантына сунушталган -“Сүлүктү шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү” долбооруна өздүк салым -779193 (жети жүз жетимиш тогуз мин бир жүз токсон үч) сом акча каражаты Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылануу үчүн 2018-жылдын бюджетине киргизилсин
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Т. Азизбеков |