Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 47
Сүлүктү шаарындагы “Жеткинчек” балдар бакчасынын имаратына кошумча имарат куруу” долбоорунун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 2017-жылдын 8-декабрындагы №02-10/02-1305 чыгыш сандуу 2018-жылга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республиасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаарынын 2018-жылга карата Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин түрткү берүүчү (стимулирующий) грантына сунушталган - “Сүлүктү шаарындагы “Жеткинчек” балдар бакчасынын имаратына кошумча имарат куруу долбооруна өздүк салым- 782000 ( жети жүз сексен эки миӊ) сом акча каражаты Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылануу үчүн 2018-жылдын бюджетине киргизилсин
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Т. Азизбеков |