Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 49
Сүлүктү шаардык мэриясы, шаардык кеӊеш жана билим берүү бөлүмүнүн сметасындагы акча каражаттарын статьядан статьяга жылдыруу жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын, шаардык кеӊештин, статьядан статьяга жылдыруу жөнүндөгү кайрылуулары жана шардык билим берүү бөлүмүнүн 2017-жылдын 14-декабрындагы №01-18/2674 чыгыш сандуу каттары боюнча депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун жана билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын жана ”Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптарынын ченеминде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык мэриясынын
3111 “Имараттар жана курулмалар” статьясынан 100,0 мин сом;
- 3112 “Машиналар жана жабдуулар” статьясынан 7,8 миӊ сом акча каражаты
2111“Маяна” статьясына”
2121 “соцфондго төгүмдөр” статьясынан 70,0 миӊ сом
шаардык кеӊештин 2121 “соцфондго төгүмдөр” статьясына 14,8 миӊ сом;
2111 “Маяна” статьясына 55,2 миӊ сом акча каражатын жылдырууга макулдук берилсин
2. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2111 “Маяна” статьясына”
2214 “Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр” статьясынан 49,7 миӊ сом;
3112 “Машиналар жана жабдуулар” статьясынан 27,0 миӊ сом акча каражатын жылдырууга макулдук берилсин
3. Сулукту шаардык билим берүү бөлүмүнүн “Көмүр сатып алуу” 2224 статьясынан 143639 (жүз кырк үч мин алты жүз отуз тогуз) сом акча каражатын “Сууга акы төлөө” 2231 статьясына жылдырууга макулдук берилсин
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.Келдибековго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ шаардык кенештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |