Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-майы №19
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жандыктарга профилактикалык иш жүргүзүү жана дарылоо боюнча бааларын бекитүү жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жандыктарга профилактикалык иш жүргүзүү жана дарылоо боюнча бааларын бекитүү максатында Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезексиз ХXXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жандыктарга профилактикалык иш жүргүзүү жана дарылоо боюнча баалары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жандыктарга профилактикалык иш жүргүзүүдө жана дарылоодо тиркемеде көрсөтүүлгөн баада иш алып баруу жоопкерчилиги айыл өкмөтүнүн мал чарбасы жана ветеринардык кызмат көрсөтүү маселелери боюнча адисине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Жоробаевге тапшырылсын.
Төрага | К. Маркаев |