Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-январы № 1
Кирешелер бөлүгүн кароо жөнүндө
Кызыл-Суу айылдык Кенеши айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Касимов Кимсанбектин 2017-жылга карата бюджетинин кирешелер бөлүгүнө түзгөн болжолдуу планын карап чыгып, аны бекитип берүү жөнүндө төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетинин кирешелер бөлүгү жактырылсын.
2. 2017-жылга карата бюджеттин кирешелер бөлүгү планга жеткирилсин, аны аткаруу жана аткарылган иштери боюнча отчет берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына, Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Дадабаев К. |