Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-январы № 6
Чара көрүү жөнүндө
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан келип түшкөн № 01-12/923 19.12.2016-жыл 001105 сандагы иш кагазынын негизинде Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин киреше жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгын угушту. Анда айыл өкмөтүнүн айрым кызматчылары тарабынан кетирилген кемчилдиктерге сын-пикирлер айтылды.
Депутаттардын суроосуна жер адис Парпиев Ташполот, ФЭБ башчысы Касимов Кимсанбектер жооп беришти. Кызматчыларга карата мыйзамда каралган тартиптик чараларды көрүү боюнча Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Парпиев Ташполот Алипович айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө, Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акыларын өндүрүүдө ишке кайдыгерлик менен карагандыгы үчүн эскертүү берилсин.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акыларынан карыз 86900 сомду өндүрүү үчүн жер адис Парпиев Ташполотко бир ай мөөнөт менен убакыт берилсин жана карыз толугу менен өндүрүлсүн.
3. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Касимов Кимсанбек 2015-жылга сатып алууларды партал боюнча жүргүзбөгөндүгү жана анын себептери эске алынсын, мындан ары мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзсүн жана кемчилдиктерди жойсун.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык Кеңештин депутаттарынын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Дадабаев К. |