Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-январы № 11
Жумушчу топ түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин 2017-жылдын 5-январындагы “ 2017 жыл Кыргыз Республикасында Ыйман, Адеп жана Маданият” жылы деп жарыялоо жөнүндөгү ПЖ № 1 жарлыгына ылайык Кызыл-Суу айылдык Кенешинин аймагында 2017-жыл “ Ыйман, Адеп жана Маданият” жылына карата иш мерчемдерин иштеп чыгуу жана аны аткаруу боюнча жумушчу топ түзүү максатында Кызыл-Суу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жыл “Адеп, Ыйман жана Маданият жылы” деп жарыялоо жөнүндө токтом буйруктарын аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Кызыл-Суу айылдык кенешинин аймагында 2017-жыл “Адеп, Ыйман жана Маданият жылын” өткөрүү боюнча Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн кызматчыларынан билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода жана байланыш түйүндөрүнүн дыйкан фермердик чарбалардын электр тармактарынын кызматчы жумушчуларынан жана коомдук бирикмелерден жумушчу топ түзүлсүн.
3. Жумушчу тобу 2017-жыл “Ыйман, Адеп жана Маданият жылына” карата иш чараларды иштеп чыксын жана өткөрүү мөөнөтүн белгилесин.
4. 2017-жыл “Ыйман, Адеп жана Маданият жылына карата уюштуруу иштерин, көрнөк- жарнактарды даярдоо, аларды көрүнүктүү жайларга орнотуу, илүү иштерин аткаруу милдети Кызыл-Суу айылдык маданият үйүнүн кызматчылары Токторов А., Эргешбаева З, Абдраева М.га жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл–Суу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Дадабаев К. |