Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын14-январы № 12
Чара көрүү жөнүндө
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин II-сессиясында айыл өкмөтүнүн кызматчылары Ж.Эргешов Аскер учет жүргүзүүчү, А.Субанов жооптуу катчы, Бостонбаев Шекербек Кара-Суу ДЭП-45 ишканасынын жумушчусу иштеген ишиндеги кемчилдиктери каралып, депутаттар тарабынан сын айтылды.
Депутаттардын берген суроолоруна кызматчылар жооп беришти. Алардын ичинен Эргешов Жумабайдын ишине депутаттар ишеним көрсөтүшпөй 7 (жети) добуш менен каршы пикир беришти Сын-пикирлерди угуп жана талкуулап, айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эргешов Жумабай аскер учет жүргүзүүчү, өзүнүн кызматына кайдыгер карап, мыйзам бузуучулукка жол бергендиги үчүн ээлеген кызматынан четтетилсин.
2. Эргешов Жумабайды кызматтан четтетүү жагы Кызьл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Нышанбаевге тапшырылсын.
3. Кызыл-Суу айылдык кеңешинин жана Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын жеткиликтүү алып барбагандыгы үчүн А.Субановго эскертүү берилсин.
4. Бостонбаев Шекербек Кара-Суу ДЭП ишканасынын жол куруу жумушчусу иштеген ишинде кетирилген кемчиликтери үчүн эскертүү берилсин, кемчиликтерди оңдоого бир айлык мөөнөт берилсин, аткарылбаган учурда чара көрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нышанбаевге тапшырылсын.
Төрага | Дадабаев К. |