Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 06-февралы № 1
Мектептерде, бала бакчада билим берүү жана тарбия иштерин жолго коюу жөнүндө
Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин IV-сессиясында Кеңештин депутаттары Жабиев Адылбек, Доронбаев Атайлар тарабынан ата-энелердин билим берүү жана тарбия иштерине болгон нааразычылыктары айтылып, мындан ары мугалимдерге жана бала бакча кызматкерлерине иш аракеттерин күчтүү максатындагы сунуштар берилди. Депутаттардын сунуш-пикирлерин колдоого алуу менен айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы С.Нышанбаев атындагы орто, Н.Бакыгулов атындагы орто мектептеринде, Т.Абдраимов башталгыч мектебинде мындан ары окуу-тарбия иштери жакшы жолго коюлсун, ата-энелер комитети менен айылдык кеңештин депутаттарынын катышуусунда окуу-тарбия иштеринин жүрүшү боюнча мектептердин абалы текшерилип турсун.
2. Тарбия иштеринин жүрүшүнө, билим сапатынын жогорулашына мектеп директору Кожошев Ж., Орозбаев К., бакча кызматчылары Боктонбаева Т., Жунусбаева Ч., Абжапарова Розалар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышсын.
3. Мектептердин, бала бакчалардын чарбалык иштерине, тазалык, жылытуу, жарыктандыруу ж.б. айыл өкмөтү көзөмөлгө алып керектүү акча каражатын бөлүп берүү, өз убагында ишке киргизүүнү колдоого алсын. (ФЭБ башчы К.Касимов).
4. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нышанбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Дадабаев К. |