Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 1
Мал жандыктардын баш санына салык өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кызыл-Суу айылдык Кенешинин аймагында жеке менчик малдарга жана жандыктарга салык өлчөмүн бекитүү жөнүндө айылдык Кенеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктын жеке менчик малдарына жана жандыктарга жайыт салыктарын өндүрүү үчүн малдын, жандыктардын баш санына салык өлчөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин.
1) Кара-малга - 40 сом.
2) Жылкыга - 40 сом
3) Кой, эчкиге - 20 сом.
Ал эми айылдык Кенештин аймагынан тышкары жактан алып келген менчик мал-жандыктарга төмөндөгүдөй салык өлчөмдөрү киргизилсин.
1) Кара малга - 100 с
2) Жылкыга -100с
3) Кой - эчкиге - 50 с
2. Айылдар боюнча малдын жана жандыктардын эсеби так алынсын, салык төлөмдөрүнүн эсеби чыгарылсын. Бул ишти аткарууга бардык айылда айыл башчылар, жайыт комитетинин кызматчылары, вет адис, жооптуу катчы көмөк көрсөтүшсүн.
3. Мал, жандыктардан өндүрүлүүчү салыкты көзөмөлдөө жагы ФЭБ башчы К Касимовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын жайыт комитетинин төрагасы К Досбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Дадабаев К. |