Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 2
Акы төлөп көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Суу айылдык Кенеши, жайыт комитетинин төрагасы К.Досбаевдин жүн кыркуучу жабдыктарга акы төлөп көрсөтүлүүчү кызмат тарифин бекитип берүү сунушун карады. Депутаттардын талкуусунда талаш маселе жаралды, натыйжада жергиликтүү калктын менчик жандыктары үчүн арзандатылган тариф, ал эми сырттан алып келген жандыктар үчүн жогорулатылган тарифте акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү боюнча айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жандыктарды кыркуу боюнча акы төлөп көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин.
Жергиликтүү калктын менчик жандыктарынын бир башына 30 (отуз)сом.
Сырттан алып келген менчик жандыктардын бир башына -50 (элүү) сом.
2. Жүн кыркуучу жабдыктар толугу менен А Кайназаровдун карамагына өткөрүлүп берилсин жана сакталсын.
3. Кыркымга даярдалган жандыктардын баш саны айыл башчысынын катышуусу менен 3-5 мүчөдөн турган комиссиянын катышуусунда эсепке алынсын жана кыркымга киргизилсин.
4. Акы төлөп көрсөтүлүүчү кызматтан түшкөн каражатты көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Касимовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын комиссиянын төрагасы К Досбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Дадабаев К. |