Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 3
Акы төлөп көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин V-сессиясында акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн тизмеги каралып, депутаттардын талкуусуна коюлду.
Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн тизмеги боюнча баа прейскуранты жактырылды жана бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош облустук бөлүмүнүн макулдугу боюнча ишке ашыруу максатында Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акы төлөнүүнү кызмат көрсөтүүнүн (иштердин) тарифтерин (баа) иштеп чыгуу боюнча демилгечи топтун акы алып кызмат көрсөтүүгө сунушталган тизмектер бекитилсин Адилет министрлигинин Ош облустук бөлүмүнө сунуш кылуу жагы тапшырылсын .
2. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө көчүрмөлөр үчүн 3 сом, аныктамалар үчүн 20 сом, тастыктоолор үчүн 5 сом, каттоолор үчүн 20 сом, мүлккө байланышкан тактамалар үчүн 40 сом өлчөмүндө акы алып кызмат көрсөтүүлөр жүргүзүлсүн.
Төрага | Дадабаев К. |