Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-апрели № 1
Ишкердүүлүктү колдоо жонүндө
Кызыл-Суу айылдык Кенеши 2017-жылдыы 17-апрелиндеги кириш № 1 17.04.2017-жылдагы "Альтэнерго и Ко" жоопкерчилиги чектелген коомдун директору А Бапыгуловдун чакан ГЭС куруу жөнүндөгү өтүнүчүн карап чыкты жана Куршаб дарыясынын жээгинен жер тилкесин бөлүп берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 31-декабрь 2008-жылдагы №283 "Энергияны кайрадан калыбына келүүчү булагы жөнүндо" мыйзамынын негизинде " Альтэнерго и Ко" Жоопкерчилиги чектелген коомдун директору А. Бапыгуловдун суранычы канааттандырылсын.
2. Куршаб дарыясынын жээгиндеги суу фондуна 0,8 га жер тилкесине чакан ГЭС куруу үчүн макулдук берилсин, жер тилкесин берүү убакты 49 жылга белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзомөлдөө жагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Дадабаев К. |