Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-июну № 1
Көмүр кен казып алууга берилген жер участкасынын пайдалануу мөөнөтүн узартуу жөнүндө
" Мэджик-колорс" ЖЧК иш канасынын директору Тойчубеков Марат Камаловичтин кириш № 61 17.05.2017- жылдагы арызынын негизинде келип түшкөн маселени карап жана талкуулап Кызыл-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мэджик-колорс" ЖЧК иш канасынын директору Тойчубеков Марат Камаловичтин арызынын негизинде Таш-Короо жана Талды -Конуш участкасындагы 13,0 га жер аянты көмүр казып алуу үчүн бир жылдык мөөнөт менен узартылып берилсин.
2. Көмүр кенин казьш алууга бсрилген 13,0 га жердин иштетилишии козомолдоо жагы Кызыл- Суу айыл өкмөтүнө тапшырылсын жана "Мэджик-колорс" ЖЧК иш канасынын директору Тойчубеков Марат Камалович менен Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Нышанбаев Муратбек Саитбекович келишимдин негизинде иш алып барууга милдеттендирилсин.
3. Керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
Төрага | Дадабаев К. |