Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-июну № 2
Аталыш берүү жөнүндө
Кызыл-Суу айылдык кеңеши Коргон айылынын тургуну Токторов Анарбайдын арызын карап чыгып, анын аткарылышы боюнча айылдагы мечитке аталыш берүү жөнүндө төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коргон айылындагы мечитке Токторов Самидиндин ысымы берилсин.
2. Токторов Самидин атындагы мечит мындан ары ушул аталыш менен каттоого алынсын.
3. Токтомдун аткарылышы Коргон айылынын айыл башчысына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
4. Токтомду колдоого алуу жагы Кара-Суу райондук Мамлекеттик администрациясынан суралсын
Төрага | Дадабаев К. |