Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-декабры № 1
2017-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Суу айылдык Кенеши 2017-жылдагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга бюджеттин бекитүү жөнүндө, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Касимов Кимсанбектин докладын угуп жана талкуулап, Кызыл-Суу айылдык Кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы чыгаша жана киреше бөлүгү 6228.9 мин сомго бекитилсин жана канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 7216.9 мин сомго бекитилсин.(анын ичинен 700,0 миң сом атайын каражаттан).
3. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн вет адис Эргешбаев Сайпидин менен түзүлгөн төлөөмдүк келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын "8" 07 №403 токтомунда көрсөтүлгөн шарттарына ылайык төлөнсүн.
4. Башкаруу аппаратынын жалпы 18 штаттык бирдиги бекитилсин, анын ичинен айыл башчысы-3, аскер учет жүргүзүүчү-2, тейлөө кызматкери-2 төлөмдүк келишимдин негизинде 1.
5. Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К. Касимовго милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Дадабаев К. |