Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-марты №1
А.Кулмурзаевдин кайрылуусу жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2018-жылдын 5-мартындагы кезексиз 11-сессиясындагы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн алма багынын мечиттин жанынан 0,20 га жер участогу Кыргыз жашылча үрөөн өндүрүү кооперативинин мүчөсү А.Кулмурзаевге 2020-жылга чейин эксперименталдык үрөөн өстүрүү үчүн ,м аксаттуу пайдалануу үчүн берилсин.
2. Аталган аянты бөлүп берүү, келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Исмаиловго жүктөлсүн.
3. Дыйкандарга үрөөн өндүрүүнүн технологияларын үйрөтүп окутуу үчүн №41 лицейдин филиалынын имаратынан 1 класстык бөлмө бөлүнүп берилсин.
4. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.А.Тынысовго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Субановго жүктөлсүн.
6. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р. Рысматов. |