Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-марты № 1
Таш-Кудук айылынын Ноочорбаев көчөсүнүн жашоочуларынын кай-рылуусу жөнүндө
Акназаров айылдык Кенешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2018-жылдын 13-мартындагы кезектеги 6- сессиясындагы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн Таш-Кудук айылынын Ноочорбаев көчөсү менен К.Салымбаев атындагы көчөлөрдүн кесилишинин күн чыгыш жак бетиндеги Ноочорбаев көчөсүнүн сол тарабынан 16 метр² жер көмөк чордонун орнотуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Аталган аянты бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Исмаиловго жүктөлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.А.Тынысовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Субановго жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р. Рысматов. |