Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-марты №3
Акназаров айылдык Кенешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2018-жылдын 13-мартындагы кезектеги 6- сессиясындагы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болгон ЮМЗ –экскватору мыйзам чегинде сатыкка коюлсун.
2. ЮМЗ-экскваторун сатуу үчүн кулактандыруулар илинип массалык маалымат каражаттарына жарыялар берилсин.
3. КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин Талас аймактык башкармалыгынан жетилген теректерди кесүүгө уруксат берилип кесилген теректер сатылсын.
4. Сатылган ЮМЗ-экскваторунун жана теректердин акчасын айыл өкмөтүнө кириштөө, каржы бөлүмүнүн башчысы А.Кенебаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы финансы жана бюджет комиссиясынын төрагасы Э .Мусалиевге жүктөлсүн.
6. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р. Рысматов. |