Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-марты №7
Акназаров айыл аймагына караштуу жайыт пайдалануучулар өз алдынча жайыт комитетинин келишимисиз,жайыт билетсиз,ветеринардык анык-тамасыз жайытка чыкса,төлөм акы өз учурунда төлөнбөсө жана жайыт мыйзамдарында көрсөтүлгөң талаптарды аткарбаса,айып салуу жөнүндө
Акназаров айылдык Кеңешинин 31-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы Акназаров
айыл аймагына караштуу жайыт комитетине айып салуу сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар өз алдынча жайыт комитетинин келишимисиз,жайыт билетсиз, ветеринардык аныктамасыз жайытка чыкса,төлөм акы өз учурунда төлөнбөсө жана жайыт мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаган учурда 5000 (беш миң) сомдон 10000 (он миң) сомго чейин айып акы салынсын.
2. Айып акы салуу боюнча жайыт комитети,аксакалдар соту менен биргеликте иш алып барышсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы М.Жакышевге жүктөлсүн.
Төрага | Р. Рысматов. |