Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-январы № 1
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерди көрсөтүү жөнүндө
Ленин айыл аймагындагы Жыгач-Коргон айылынын жашоочуларынын атынан ошол айылдын тургуну Маматалиева Дамира Мажитовнаны Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер катары көрсөтүү жөнүндө 22.01.2018-жылы чогулуштун протоколу келип түшкөн. Ошондой эле талапкерге тиешелүү талап кылынуучу документтер – арыз, катышуучулардын тизмеси, өмүр баян жана резюме бардыгы бар. Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер катары Маматалиева Дамира Мажитовна 22.02.1980-жылы туулган, сунушталсын.
2. Токтомдун бир нускасы Сузак аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун II-пункутун аткаруу айылдык Кеңештин катчысы К.Курманалиевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | М. Кеңешбаев |