Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели № 11/2
Кербен шаарынын Сатар участкасындагы 0,50 га жер аянтын бөлүп берүү жана өнөр жай жер категориясына которуу жөнүндө
Кербен шаарынын Сатар участкасындагы 0,50 га жер аянтын өнөр жай категориясына которуу жөнүндө Кербен шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 3-34/282 сунушун жана жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 17.04.2018-ж. № 5 токтомун карап жана талкуулап чыгып, КР жер кодексинин 32 ст. 4 пунктуна негиз, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз он биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаарынын Сатар участкасындагы 0,50 га жер аянтын өнөр жай категориясына которууга жана узак мөөнөткө акысыз пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Кербен шаарынын мэриясына, КР мыйзамдарына ылайык тиешелүү иш кагаздарын даярдоо тапшырылсын.
3. Бөлүнгөн жерди мыйзамга ылайык өнөр жай категориясына которуу жагы Аксы райондук мамлекеттик администрациядан суралсын.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ы.Сарыевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шадыбеков. |