Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели № 11/3
Кербен шаарынын Жетиген айылындагы 0,98 га жерди калктуу конуш жер категориясына которуу жөнүндө
Кербен шаарынын Жетиген айылындагы 0,98 га жерди калктуу конуш категориясына которуу жөнүндө Кербен шаарынын мэриясынын 17.03.2018-ж. № 3-34/216 кайрылуусун жана жер, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 12.04.2018-ж. № 4 токтомун карап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз он биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаарынын Жетиген айылындагы 0,98 га жер аянтын калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Кербен шаарынын мэриясына, КР мыйзамдарына ылайык тиешелүү иш кагаздарын даярдоо тапшырылсын.
3. Бөлүнгөн жерди мыйзамга ылайык калктуу конуш категориясына которуу жагы Аксы райондук мамлекеттик администрациядан суралсы.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ы.Сарыевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шадыбеков. |