Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-декабры № 136
Токтогул шаардык кеңешинин 25.07.2017-жылдагы № 126 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 25.07.2017-жылдагы №126 токтомго өзгөртүү киргизүү боюнча бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Анын негизинде 25.07.2017-жылдагы № 126 токтомунун 2 пункту менен каралган акча каражаттарынан төмөндөгүлөр кыскартылсын:
2221 статья - Кыргызстан, Бекташов көчөлөрүнүн чуңкурчаларын жамоого каралган 458,8 миң сом;
3111 статья - кичи футбол аянтчасын оңдоого каралган каражатынан – 233,2 мин сом;
Жалпы: 692,0 миң сом
3. Бул акча каражаты төмөндөгү статьялар боюнча чыгымдалсын:
2231 статьясы боюнча:
- балдар бакчаларына -89,6 мин сом;
- мектептерге – 241,5 мин сом;
- БЧУга- 14,3 мин сом;
-Жалпы 345,4 миң сом;
2511 статьясы боюнча:
Көчө жарыктандырууга колдонулган электроэнергия үчүн-65,2 миң сом;
Мэриянын аппаратына:
2215 статьясы боюнча
Жаңы жылдык иш чараларды уюштурууга- 48,2 миң сом;
2222 статьясы боюнча – вымпел даярдоого 5,0 миң сом;
3111 статьясы боюнча:
Медеров, Суйналиев көчөлөрүнө тротуар куруу иштерине кошумча -198,2 миң сом
статьясы боюнча:
Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Калбаев Азиске (материалдык жардам) -30,0 миң сом;
Жалпы: 692,0 сом
4. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Джумабаев) тапшырылсын.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Дербишев. |