Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-декабры № 137
Токтогул шаарында түрткү берүүчү гранттын эсебинен аткарылуучу долбоорго жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарында Д.Турдумамбетов атындагы орто мектебине ашкана куруу боюнча долбоорду түрткү берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу аракеттери боюнча шаар мэри М.Калмурзаевдин сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, чечим кабыл алынган.
Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча бюджет боюнча туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылсын.
2. Д.Турдумамбетов атындагы орто мектебине ашкана куруу боюнча долбоордун жалпы сметалык баасы 2 162,026 миң сомду түзгөндүгү белгиленсин.
3. Долбоордун баасынын 25 %, тактап айтканда 540,507 миң сомду өздүк салым катары бөлүп берүүгө макулдук берилгендиги эске алынсын, 2018-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүүдө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүү жагы каралсын.
4. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Джумабаев) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Дербишев. |