Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 01-декабры № 02
Дмитровка айылындагы “Э.Алымбеков” көчөсүнүн асфальтын куруу”боюнча түзүлгөн долбоорду каржылоого акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”гү мыйзамын жетекчиликке алып, Таш-Булак айыл аймагынын Дмитровка айылындагы Эмилбек Алымбеков көчөсүнүн асфальтын куруу боюнча долбоорун каржылоо максатында бюджет, каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун токтом долбоорун депутаттар талкуулап, Таш-Булак айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дмитровка айылындагы “Эмилбек Алымбеков” көчөсүнүн асфальтын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында 464 358 (төрт жүз алтымыш төрт мин үч жүз элүү сегиз) сом акча каражатты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Бул акча каражатын убагында каржылоо Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Самидиновго жана айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Аманкуловага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун максаттуу аткарылышын айыл кеңештин бюджет,каржы жана экономикалык масалелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Шермат уулу Алмаз |